Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсеге пейли чаппай, бир нерседен көңүлү калгандай, иренжүү пайда болуу. Атай болуш болуп, өз атасы Огонбайдын наамына көчкөндөн бери Султанаалынын көңүлү ага салкын тарта баштады (Каимов). Бардыгы жаттай сезилип, ажырата түшүнбөй, дел болгон Бегаалынын көңүлү салкын тартып, ушул үйгө тиешеси жоктой көрүнө түштү (Эсенканов).